Аида С

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Аида Жеңишбековна Салянованы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Бул маселе боюнча КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев мамлекет башчысынын А.Салянованын берген арызына ылайык, аны ээлеген ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берүү суралган каты менен тааныштырып, А.Салянованын Башкы прокурор катары өтөгөн кызматы жогору бааланып, “Манас” ордени менен сыйлангандыгын эске салды.  Бир катар талкуудан кийин депутаттардын 57 макул, 18 каршы добуштун негизинде Аида Жеңишбековна Салянованы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берилди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА