Соцфонд жылды киреше менен жыйынтыктады
Кыргызстандын Социалдык фонду 2014-жылды 602 млн. 8,1 миң сом өлчөмүндөгү киреше менен жыйынтыктады. Соцфонд жетекчилигинин айтымында буга мекеменин кирешелеринин өсүшүнөн улам 2013-жылдын бюджетинин аткарылышынын натыйжасында жетишилген. Бул жылдан калдык киреше 2014-жылдын башында 627 млн. 992,6 млн. сомду түзгөн. Натыйжада өткөн жылы Соцфонд бюджети 14 млн. 605,7 миң сомдук тартыштык менен бекитилгенине карабастан, жылды жарым миллиарддан ашык профицит менен жапты. Мындай көрсөткүчкө Соцфонд түшүүчү кирешелерди тактап чыгып, бюджетте бекитилгенден 93 млн. 794, миң сомду ашык таап, ошондой эле мекемеге тиешелүү акциялардын дивиденддеринин өсүшүнөн жана чыгымдарды азайтуудан, тактап айтканда банк кызматтарынын үстөк пайыздарынын төмөндөшүнүн эсебинен жетишүүгө мүмкүн болгон.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу