биоме

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө КР жарандарынын биометриялык маалыматтарын чогултуу башталды. Бул тууралуу  19-январда дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Биометриялык маалыматтарды чогултуу күн сайын (ишемби жана жекшемби, майрам күндөрүнөн тышкары) саат 9:00-18:00 чейин жүргүзүлөт. Өздүк маалыматтарын тапшыруу үчүн КР жарандыгын тастыктаган паспорт (ID-карта, жалпы жарандык паспорт же 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту) болушу шарт. Биометриялык маалыматты чогултуу акысыз, деп эскертишти элчиликтен.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА