нармуз1

  1958-жылы ачылган Нарын шаардык балдардын көркөм-өнөр мектеби талапка ылайык имаратка эгедер эмес. Азыркы учурда 77 жыл илгери курулган мурдакы орто мектептин имаратында өнөргө шыктуу улан-кыздарга музыкага жана аспаптарга үйрөтүү жараянын ишке ашырып келет. 2014/2015-окуу жылында мектепте 214 окуучу комуз, фортепиано, баян-аккардеон жана чоор-сыбызгы бөлүмдөрүндө билим алышууда.

Бул тууралуу аталган окуу жайдын жылдык маалыматында айтылат.

-Мектептин материалдык-техникалык базасы начар. Музыкалык аспаптардын эскилиги жеткен. Бир жылга 80 тонна көмүр керектелип, 14 контрамаркага от жагылат. 2007-жылдын 18-январ күнү шаардык мэрия менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келген курам имаратты авариялык абалда деген жыйынтыкты чыгарышкан. Жаңы имарат курууга жер аянты деле чечилген,-деп жазылат маалымдамада.

Бирок 7 жылдан бери жаңы имарат салуу же ыңгайлуу жайга көчүрүү ишке ашырылбай келүүдө.

-Бул музыкалык мектеп улуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин ысымын алып жүрөт. Быйыл а кишинин 100 жылдыгы белгиленмекчи. Ошондуктан биз да министрликке кайрылуу жибергенбиз. Менимче шаардын борбордук аймагынан чечилген жерге быйыл мектеп салынат деп ишенип жатабыз,-деген жообун келтирет Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын