Мамлекеттик тилди үйрөнгүң келеби?..
Тил саясатынын негизги багыты – мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга жетишүүнү, Кырызстанда жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактап калууну жана өнүктүрүүнү, ошону менен мамлекеттик тилдин ролун күчөтүүнү шарттайт.
Ушул талаптарды камсыз кылуу максатында 2014-жылы 25-майда “Кыргыз Республикасында 2014-2015-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы” кабыл алынган. Улуттук программага ылайык алдыдагы жылдар аралыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тармагында ар бир адис, жетекчи тиешелүү деңгээлде мамлекеттик тилди, расмий жана башка эл аралык тилдерди билиши зарыл.Тилдерди билүү деңгээли ушул жылдан тарта “Кыргызтест” системасы аркылуу аныкталат.
2014-жылдан тартып КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына караштуу Окуу-маалымат борборуна жүктөлгөн “Кыргыз Республикасынын айрым региондорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колдоо” долбоору эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун көмөгү менен биргеликте республиканын аймагында иштеп жатат.
Аталган долбоор алкагында:
– Кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган калктын катмарын окутуучу мугалимдер жана жаштар үчүн стандарттык программалар жана окуу куралдар иштелип чыкты;
-ЮНИСЕФ жана Билим жана илим министрлиги тарабынан тандалып алынган пилоттук 11 региондо каалоочуларга мамлекеттик ж.б. тилди үйрөтүүчү акысыз окуу курстары уюштурулду;
– Жер-жерлерде мамлекеттик тилди үйрөтүүчү акысыз окуу курстары уюштурулду;
-Калктын ар кыл катмарынын кызыкчылыктарына ылайык суроо-тесттер жана электрондук окуу каражаттары иштелип чыкты;
Үстүбүздөгү жылдын 12, 13, 14- январында Ош шаарында (Жалал-Абад, Ош шаарларынан, Сузак, Ала-Бука, Лейлек, Кадамжай, Ноокат, Кара-Суу райондорунан) жаш курактары боюнча тандалып алынган тренерлерди окутуу үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. 15-январда ушул эле семинар-тренинг борборубуздагы Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында Каракол шаарынан, Кочкор, Аламүдүн райондорунан келген тренелерге 3 күндүк окутуу ишин баштады.
Долбоордун алкагында республиканын аймактарында мамлекттик тилди үйрөтүүчү адистерди окута турган 77 тренер даярдалды. Тренингдик окуу программаларынын пакети менен камсыз болгон тренерлер жер-жерлерде өздөрү сыяктуу тренерлерди окутуп даярдашат.
Асель БАРЫКТАБАСОВА


Комментарий кошуу