Кайдыгер болбо, коомчулук!
“… 2013-жылдын январь айында эртең менен окууга шашып баратып, таксиге отурдум. Таксинин айдоочусу Абдулхамид Миркодиров “май куюп алайын” деп алдап, жолдон чыгып токтотуп, колу-бутумду кайрып, күч колдонуп, каршылык көрсөтсөм уруп-сабап, эсим ооп калганда зордуктап койгон. Андан кийин “мен болгон ишти видеого тартып алдым, бирөөгө айтсаң, Интернетке чыгарып, шерменде кылам” деп коркутту. Кийин мени аңдып, окуудан чыгып келатсам, “эмне качасың, менин жамандыгым жок, болгону сага баягы флешканы берип, кечирим сурайын дегем, кел, отур машинага,” – деди. Мен чындап эле “бирөө көрүп койбосун” деп коркуп, кандай болсо да флешканы алайын деген ойдо машинага отурдум. Ал айдап жөнөдү. Мен “токтот, түшөм,” деп жулунсам “Сага жакшылык кылайын десем, жаман ойлойсуң” деп уруп-сабап, Күнгөй талаасына алып келди. Коньяк алып чыгып, мени ич деп кыйнады. Күч колдонуп, оозума коньяк куюп, дагы зордуктады. Жулмалашып, каршылык көрсөтсөм “сени ушул жерге өлтүрүп көөмп кетем, эч ким билбей калат” деп коркутту. Ошол кезде ага кимдир бирөө телефон чалды. Телефон мага жакын жаткан, ала коюп, “Жардам бергиле, мени өлтүргөн жатат, куткаргыла!” дегенге үлгүрдүм…”
Бул – детектив кинонун сценарийи эмес, биздин эле Баткендин Кадамжай районунда болгон кылмыштуу иштин баяны. Окуучу кыздын доо арызын караган Кадамжай райондук соту (төрагасы А.Маткасымов) бул ишти 2014-жылдын 24-июлунда карап, Кылмыш-Жаза кодексинин“ 137-статьясынын 2- бөлүгү боюнча “кылмыштын курамы жок болгондуктан” актап, 234-статьянын 1-бөлүгү менен 20 миң сом айып төлөм менен жазалаган, 129-статьянын 1-бөлүгү менен алты жылга эркиндигинен ажыратып, анын үч жылын шарттуу деп, үч жыл сынак мөөнөтүн белгилеген.
Кийин Баткен облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында А.Миркодировдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, камактан бошоткон. Мунун баарын майда-чүйдөлөп келтирип жатканыбыздын себеби, сексуалдык зөөкүрдүккө “укук коргоочулардын” иш жүзүндө кимди “коргой” турганын көрсөткүбүз келди. Тергөө көрсөтмөлөрүндө күбөлөрдүн кылмышкердин жасаган жоруктарынын коомго канчалык коркунучтуу экенин айтып турганына карабастан, “коомдон бөлбөй эле тарбияласа болот” деген таризди карманып, ашкере “гумандуулук” кылып жатышканына таң бергенибизден. Башкасы мейли, сотто күбө катары көрсөтмө берген М.Абдураимованын “Менин кызымдын да жылаңач сүрөтүн Интернетке чыгарып жиберген. Ошондон кийин кызым өзүнүн жанын өзү кыйган” деген билдирүүсүнө көңүл бурулушу керек эле го? Жабырлануучу кыздын “Айнектен карасам, ал биздин үйгө келип атама “кызыңыз өзү…” деп жаткан экен, ошого чыдабастан лезвияны алып, колумдун тамырын кесип жибердим…”дегенин эч ким уккан эмеспи?
Уккан. Бирок укмаксан болушкан. Сексуалдык зөөкүрдүккө калганда бизде ушундай мамиле бар. “Аман калыптыр, болду да…” деген түркөй көз караш ишти эртерээк бүтүргөнгө түртөт. Ошондуктан, бизде сексуалдык зөөкүрдүккө байланышкан иштердин бештен бири гана сотко чейин жетет. Кайсы баскычта болсун “тараптардын жарашуусу” менен аяктаарына кызыкдар болгондор көп болот. Укук коргоо органдарынын арасында кылмыштын бул түрү “өз ара пайдалуу, тагыраагы, ооз басырыгы кабелтең иш ” деп саналат. Көбү жазасыз калгандыктан, соңку кезде зордуктоого байланышкан кылмыштар мурда болуп көрбөгөндөй өстү. Өсмөк турсун, тири шумдуктай абалга жетти. Наристе балдарды башкалар эмес, өз жакындары зордуктай баштады. Үч жашар кызын кескилеп, жырткыч жасабай турган абалга жеткирген ата сөрөйдү аялы “актап” төбө чачты тик тургузса, төрттөгү кызын “жылаңач болуп мени азгырды”деп дагы бири жинди болуп, үйүндө корголоп жүргөн секелек кызга таята, таекелери кол салып, атүгүл мечитте уул баланы молдо зордуктап … жандан түңүлтүп жатканы. 2013-жылдын тогуз айында жашы өспүрүм куракка жете элек 116 бала зордукталган, анын ичинен 67си он жашка чыга элек наристелер. Балдарга карата сексуалдык зомбулук же педофилия маселесин жарандык активисттер жакшы эле көтөрүп, бачабаздарды жазалоодо химиялык кастрацияны колдонуу демилгесин парламентке сунуш кылышкан. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө эчактан колдонулуп келе жатканын нечен ирет айтты. Бирок маселенин башы алигиче ачыла элек.
Өтүп бара жаткан жылды укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектелген сексуалдык зомбулукка байланышкан шумдуктуу окуялар нечен ирет жүрөк титиретти. Адаттагыдай эле алар боюнча адилет чечимге жетишүү Айдын ары жагына барып келгидей аракетти талап кылып, аягына чыккан жок. Төрт баланын алмончоктой апасын мамлекеттик(!) коргоо органында жетекчи кызматта иштеген күйөөсү ээн талаага алып барып, досу экөөлөп аеосуз кордогон окуяга байланышкан иш акыйкатсыз чечим, процесс жүрүп жаткан аскер сотунун айнектерин талкалоо менен гана чектелди.
Арызданып барган аялды милиционерлер зордуктаган деген факты боюнча Чубактын кунундай чубалган чуулгандуу иш дале акыйкатка жете элек. Адилеттик издеп чырылдаган аялдын өзүнө карата азыр жаманаттынын жармасы жаба куюлуп жаткан кез.
Адамзатка карата жасалган не бир түркүн кылмыш бар, ошонун ичинен эң оору, эч бир кечирим берилбей турганы сексуалдык зомбулук болсо керек. Адамдын денесине эле эмес, бүткүл ариятына, сезим-туюмуна, акыл-эсине, жан дүйнөсүнө айыкпас дарт салган мындай апаатты башка салган зөөкүргө жазанын да эң оору аябастан берилсе дейсиң. Мындай ишке барган адам атынан айлангыр жексурга эч бир аео болбосо дейсиң.
Аялдарга карата жасалган кылмышты, анын ичинде сексуалдык зомбулукту жоюу боюнча БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы атайын Декларация кабыл алынган. Анда сексуалдык зомбулук Адам укугун одоно бузган өзгөчө коркунучтуу кылмыш катары бааланган. Анткени, анын адамга келтирген кесепетинин оордугу согуштун тийгизген таасиринен, автомобиль же авиа катастрофадан табигый кырсыктан жабыркагандан айырмасы жок экен. Демек, келерки жылы Кылмыш кодексинде “оор кылмыш” категориясына киргизилген моралдык айыккыс илдет алып келген зөөкүрдүк боюнча адилет жаза чектөө маселесин коомчулук өзү көтөрүп чыгат деген үмүт бар.
Сүйүн КУРМАНОВА


Комментарий кошуу