Убагында каржыланбаган социалдык мекемелердин электр кубатына болгон карыздарынын туумдары өндүрүлбөшү керектиги демилгеленди
“Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Бакыт Шаршеев, Элмира Иманалиева. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилердин бири депутат Элмира Иманалиеванын айтымында, мыйзам долбоору билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо жаатындагы мекемелерде Каржы министрлиги тарабынан убагында каржы бөлүнүп берилбегендиктен, электр кубатына болгон төлөмдөр төлөнбөй, кийин алар туумдары менен кошо карыздардын көбөйүшү боюнча түзүлгөн кырдаалды чечүүгө багытталган.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен өз убагында каржылоо болбогондугунун натыйжасында социалдык мекемелерде энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө кечиктирилет. Ал эми мындай кечигүүдөн улам анын туумдарын төлөө боюнча чыгымдарды бюджеттин беренелери боюнча алдын ала кароо мүмкүн эмес. Натыйжада энергетиктер карызды туумдары менен кошо эсептегенде сумма эки эселенип көбөйөт. Ошону менен өнбөс карыздар түзүлөт, электр жарыгын өчүрүүлөргө алып келет.
Сунушталган мыйзам долбоорунда жогорудагыдай мекемелерде каржынын убагында бөлүнбөгөндүгүнөн улам энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө кечиктирилген учурда туум өндүрүлүп алынбастыгы каралган.
Талкуунун жүрүшүндө Энергетика жана өнөржай министринин орун басары Айбек Калиев жалпы жонунан мыйзам долбоорунун концепциясына макулдугун билдирип, бирок мындай жагдайда электр кубатын керектөөчүлөрдүн жоопкерчиликсиздиги жаралаарын эскертти. Бул маселеге тиешелүү деп чакырылган Билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана башка министрликтердин өкүлдөрү да мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алышты.
Жыйынтыгында демилгечи тарап дагы, Энергетика жана өнөржай, Каржы министрлигинин өкүлдөрү да түзүлгөн кырдаалдан чыгууда сунушталган толуктоонун механизмдерин иштеп чыгууга макулдашты.
Комитет мыйзам долбоорунун концепциясын 1-окууда колдоого алышты.


Комментарий кошуу