ыргал

«Бишкек шаарынын айланасындагы мыйзамдуулугун тактоого туура келген  6382 жер тилкеси жана курулган үйлөр болсо, анын 3589ун мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк таптык.  Ал эми 2793 жер тилкесин, же үйлөрдү мыйзамдаштырууга болбойт. Себеби, алар күзөттөлгөн аймактын талаптарын бузуу менен салынып калган турак-жайлар. Ошолордун арасында тиешелүү документтери бар, токтом чыккан, бир колдон экинчи колго сатып жиберүү операциялары аркылуу өтүп кеткен турак-жайлар дагы жок эмес. Ал гана эмес, ошол курулмаларга кимдин ээлик кылаары такталбаган учурлар дагы чыгууда. Мындай мезгилде  “Өзү билип курулган курулуш, эгерде аны курган адам (жак) аныкталбаса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын чечими боюнча бузулууга тийиш”,- деген норма КР Жарандык кодексине толуктоо иретинде киргизилип жатат”,- дейт  демилгечи  депутат Ыргал Кадыралиева “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-декабрдагы жыйынында КР Жарандык кодексине толуктоолорду сунуштаган  мыйзам долбоорун 3-окууда 68 добуш менен кабыл алды.

Депутат Ы.Кадыралиева ошондой эле түз эфирдин маалында турак-жайлардын, жол тилкелеринин айланасындагы угармандардын бир катар суроолоруна  да  жооп берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.