Бишкекте жаңы жылдык жарманке өткөрүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 29-30-декабрь күндөрү Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык майрамдык жарманке өткөрүлөт. Аталган жарманкеде азык-түлүк, айыл-чарба азыктары, азем белектер, балаты оюнчуктары жана фейрверктер сатылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге тиешелүү лицензиялары бар ишкерлер катыша алат. Ошондой эле, 15-декабрда Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары иштейт.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу