“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Ө.Текебаев Венеция комиссиясынын 101-пленардык жыйынына катышат
“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2014-жылдын 11-13-декабрь күндөрүндө Венеция шаарында (Италия) Кыргыз Республикасынын атынан Укук аркылуу Демократия үчүн Европа комиссиясынын мүчөсү макамында Венеция комиссиясынын 101-пленардык жыйынына катышат. Бул тууралуу “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирди.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкүлчүлүгү Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) менен кызматташуу форматында “Ата Мекен” партиясынын жана “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Ө.Текебаевге жүктөлгөн.
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы демократиялык институттарда иш тажрыйбасынын негизинде же укукту бекемдөөгө жана саясый илимдерге салым кошуп эл аралык атак-даңкка ээ болгон көз карандысыз эксперттерден турат. Комиссия мүчөлөрү 4 жылдык мезгилге дайындалат. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасы Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясына мүчө макамына ээ болгон, бирок аталган комиссияга Кыргызстандан өкүл аныкталган эмес. Ошого карабастан 2010-2014-жылдары Кыргызстан бул уюм менен жигердүү кызматташкан.
Дал ушул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясы менен конституциялык жана сот реформасы, өлкөнүн шайлоо тутумуна байланыштуу мыйзамдуулукту актуалдаштыруу жана башка маселелер боюнча консультациялык көмөк жаатында жемиштүү кызматташууда болгон.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясына өкүлчүлүк дайындоосу келечекте өлкөдө укуктук реформаларды жүргүзүүгө жана ишке ашырууга зарыл болгон мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Маалымат үчүн: Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы 1990-жылы уюшулган. Европа Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизинде жаткан европалык конституциялык мурастардын базалык 3 принцибин – демократияны, адам укуктарын коргоону жана мыйзам үстөмдүүлүгүн жетекчиликке алуу менен иш алпарат. Мындан сырткары, аталган Комиссия улуттук конституциялык соттор жана улуттук азчылык жөнүндө мыйзамдарды, шайлоо жана демократиялык мекемелерди өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ болгон башка мыйзамдар чөйрөсүн өз ишмердүүлүгүнө камтыйт. Бүгүнкү күндө Комиссияга 58 мамлекет мүчө.


Комментарий кошуу