анапияев

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири Алманбет Анапияев кармалды деген маалымат жалган”-деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Эгер кармалган болсо, ал Кыргызстанга алынып келинмек-деп кошумчалады маалымат кызматы.

Эске салсак, бүгүн маалымат агенттиктердин биринде А.Анапияевдин кармалгандыгы тууралуу маалымат таркады. Билдирмеде кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү БАЭнин Аджман шаарында кармалган деп айтылат. Маалымат булак катары социалдык тармактардагы “Компромат КГ” баракчасы көрсөтүлгөн.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы