ЖАМК: Үч апта ичинде жаза аткаруу мекемелеринен ар кандай убактарда качып кетишкен 27 соттолуучу аныкталып, кармалды
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жатак-абактар башкармалыгы тарабынан абактардан качып кеткендерди издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17-ноябрдан 9-декабрга чейин 27 соттолуучу аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ЖАМК качып кеткен, башкача айтканда жаза өтөөдөн баш тарткан соттолуучулардын кайда жүргөндөрүн аныкитоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын маал-маалы менен жүргүзүп турат.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу