Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык сынак
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык сынак өткөрүү боюнча КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК КОМИССИЯ ЖАРЫЯЛАЙТ:
2014-жылдын 15-декабрынан тартып 2015-жылдын 17-январына чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык сынакка катышууга кезектеги документтердин кабыл алуусу жүргүзүлөт.
Квалификациялык комиссияга квалификациялык сынактан өтүү тууралуу арыз берүүдө талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:
- Жарандыгын тастыктаган паспорттун көчүрмөсү (ID-card);
- Нотариустун мөөрү менен бекитилген юридикалык жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү кошумча ичмеги менен бирге;
- Сүрөт 3*4 (1д.)
- Кагаз тигилүүчү папка.
Талапкердин жанында паспорту жана юридикалык жогорку билимин тастыктаган диплому болушу керек.
Арыз жана тийиштүү документтерди жогоруда белгиленген убакыттан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборуна саат 9.00дөн – 17.00гө чейин тапшыруу зарыл. Ишемби, жекшемби – дем алыш күндөр. Дареги: Бишкек ш., Москва к., 201, каб. №4.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык сынагы 2015-жылдын 15-январынан тартып башталат.
Эскертүү: 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин документ тапшырган талапкерлерге, квалификациялык сынакка катышууңуз тууралуу милдеттүү түрдө билдирүүңүздү суранабыз.
Маалымат берүү телефондору: (0312) 35-29-88, 45-47-36, 45-66-06, 45-66-16, 0 777 74-39-04, 0 557 40-70-52.


Комментарий кошуу