нарматова
 Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова («Ата-Журт») бүгүн, 10-декабрдагы отурумда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевден жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген маегинде «парламент чектен чыгып кетти» деп билдиргендиги тууралуу сурады.

«Жакында гезиттердин бирине парламент чектен чыгып кеткендигин айткан маегиңиз чыкты. Бүгүн сиз бул жердесиз, анда бизге түз айтыңызчы, биз качан жана кайсы жерде чектен чыккандыгыбызды көрсөтүңүз», – деди Н.Нарматова.

Өз кезегинде министр Т.Айдаралиев эч кандай гезитке маек бербегендигин айтты. «Мен бул тууралуу эч нерсе айткан эмесмин, маекти да окуган жокмун», – деди министр.