Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары башталды
КРнын ӨКМнин гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-267-чакырымдарында жана Ош облусундагы Мырзака-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында кар көчкүсү күтүлөт.
КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №435 токтомун жана КРнын Премьер-министринин-Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасынын 2014-жылдын 8-декабрында 23-буйругун аткаруу максатында 2014-жылдын 9-декабрынан 12-декабрына чейин кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш чарасына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 20636 (Балыкчы шаарындагы) аскер бөлүгүнөн жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы шатыбынын 36806 (Ош шаары) аскер бөлүгүнөн артиллериялык топ тартылды.
Аталган иш чараны аткаруу максатында Балыкчы шаарында уюшулган артиллериялык топ 2014-жылдын 9-декабрында саат 07:10до жолго чыкты.
Ал эми Ош шаарында артиллериялык топтун жолго чыгуу даярдыгы жүрүп жатат.
Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурда Бишкек-Ош унаа жолу жана Мырзака-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылат. Ошого байланыштуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы жарандарды аталган унаа жолдору аркылуу жолго чыкпай турууну эскертет.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2014-жылдын7-8-декабрында тынымсыз жааган кардан жана катуу болгон шамалдан улам Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек –Кызыл-Кыя ички чарбалык жолдун 14 чакырым аралыгы кар күрткүсүнө толуп, Кашка-Терек – Кыз-Көл ички чарбалык жолу жабылган.
Кара-Алма айыл аймагына караштуу Жалал-Абад-Орток унаа жолунун 40-чакырымынан 50-чакырымына чейинки аралыгы 7-декабрынан 8-декабрына караган түнү шамал болуп, кар күрткүсүнө толуп, жол каттамы токтогон. Аталган унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн КРнын ӨКМи тарабынан (ПМО) өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизациялаштырган базасынан 1даана бульдозер тартылып, 2014-жылдын 9-декабры күнү саат 08:00дө аталган аймакка жөнөп кетти.
Кара-Алма айыл аймагына караштуу Орток айылында жана Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя, Алчалуу айылдарында 2014-жылдын 8-декабры күнү саат 01:30дан тартып электр энергиясы трансформатор иштен чыккандыгына жана электр чубалгылары үзүлгөндүгүнө байланыштуу жогорудагы айылдарда электр энергиясы жок. Азыркы убакта Сузак райондук электр тармактары ишканасынан 24 адам оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилди.
Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 7-декабрында жааган кардан жана катуу болгон бороондун кесепетинен Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолдун болжол менен 5 чакырым аралыгы кар ширендисине толуп, жол жабылып калган.
Кошумча маалымат берилет.


Комментарий кошуу