Ж.Оторбаев энергокомпаниядардын дебитордук карыздарын жоюу, акча каражаттарын чогултууну 100% камсыздоону тапшырды (фото)
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын 9 айдагы иш жыйынтыгы боюнча, ошондой эле, жылытуу мезгилине даярдыктар боюнча кеңешме жыйын өткөрдү, деп билдирди бүгүн, 27-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы.
«Учурда элдин бөлүштүрүүчү компанияларга ишеними жоголду. Бөлүштүрүүчү компаниялардын инспекторлору көмүскө схемаларды колдонуп жатышат, керектөөчүлөр менен сүйлөшүп алып. Бул жакында эле, үч фазалуу абоненттерди өчүрүүдө орун алды жана электрди пайдалануу көлөмү 700 кВт/сааттан ашып кеткенде жогорку тарифтер менен төлөөгө туура келет. Биз бул абалды катуу көзөмөлдөйбүз жана энергосектордогу ачык айкындуулкка жетишебиз», – деди Ж.Оторбаев.
Жыйын соңунда, өкмөт башчы электр энергиясынын жалпы жоготууларын кыскартуу, компаниядардын дебитордук карыздарын жоюу, акча каражаттарын чогултууну 100% камсыздоо, ошондой эле, энергожабдыктарды куруу, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча бардык белгиленген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу