тазалык

 «Тазалык» муниципалдык ишканасы кумдарды чачып Бишкектин жолдорундагы тайгалактарды жоюу менен түнү бою күрөштү, деп билдирди Бишкек мэриясы.

Бул багыттагы жумуштар кечээ, 25-ноябрда саат 16:00дө башталып, бүгүн саат 7:30га чейин уланды.

«Шаардык кызматтын мобилдик топтору тарабынан 552 тонна кум жана 42 тонна туз чачышты. 18 кум чачуучу техника, 4 грейфердик жүктөгүч, тротуарларды тазалоо үчүн 5 трактор, ошондой эле «Тазалыктын» 32 жумушчусу тартылды», – деп билдиришти мэриядан.