Депутат Т.Узакбаев: “Ветеринария жөнүндө мыйзам долбоорунда мал ээсинен тартып Өкмөткө чейинки укуктар такталды”

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Демилгечи Талантбек Узакбаев мыйзам долбоору депутаттардын жана КР Өкмөтүнүн айткан сын-пикирлери эске алынып, 3-окууга сунушталгандыгын белгиледи. “Ошентип, тараптардын берген сунуш-пикирлеринин баары эске алынып, мыйзам долбоорунда мал ээсинен баштаган Өкмөткө чейинки укуктар такаталды”,- дейт демилгечи. Анын айтымында, талаш болуп келген Ветеринардык палата долбоордо 2 берене менен берилген, анда Ветпалата статуардык орган экени айтылып, өз уставы менен иш алпарары, ал устав Өкмөт тарабынан бекитилери көрсөтүлгөн.
Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов калктын саламаттыгын коргоо жаатында малдын соолугун тастыктоого документ бере турган лаборатория маселелери боюнча демилгечинин пикирине кызыкты. Т.Узакбаев мыйзам долбоорунда мамлекеттик лабораторияга атаандаш лаборатория болушун шарттоо максатында менчик лабораториялардын болушу мүмкүндүгү жазылганын айтты.
3-окуудагы мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов менен КР Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусуповдун редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрү эске алынды.
Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Комментарий кошуу