Шашылыш билдирүү: кар көчкүсү күтүлөт
2014-жылдын 24-ноябры саат 08:00гө карата республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин күндөлүк ыкчам маалыматы билдирет
2014-жылдын 20-ноябрынан 25-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала–Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.
Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында №21-буйругу чыккан.


Комментарий кошуу