КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Султан Жумагуловду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору кылып шайлады.

Султанов1

Кечээ, 23-ноябрда өткөн шайлоонун жүрүшүндө буга чейин каттоодон өткөн 10 талапкердин ичинен 2 талапкер: Болотбек Табалдиев менен Космос Чыдынов сынакка катышуудан баш тартты. Калган 8 талапкердин программалары менен таанышып, аларга бир катар суроолорду узаткан Байкоочу кеңеш 2-турга Абдыкадыр Султанбаев менен Султан Жумагуловду өткөрдү.

Күндүн экинчи жарымында добуш берүү башталып, Байкоочу кеңештеги 15 мүчөнүн ичинен 12 мүчөнүн колдоосун алган Султан Жумагулов КТРКнын башкы директору болуп шайланды.

Эске салсак, КТРКнын мурунку жетекчиси Кубат Оторбаев ушул жылдын 24-июлунда ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. Ошол эле күнү КТРКнын байкоочу кеңеши С.Жумагуловго башкы директордун милдетин аткарууну жүктөп, ал 1-августтан баштап ишке киришкен.