Бир тууган Кадыралиевдерди опузалоого күнөөлөгөн жаран А.Бекташев өзүнүн арызын кайтарып алды
Прокурор Канжар Кадыралиевди жана анын иниси Уланды опузалоого айыптаган, Өзгөн районунун жашоочусу Абдымитал Бекташев, өзүнүн арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Бекташев бүгүн, 21-ноябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында маалымдады.
«Өз учурунда түшүнбөстүктөр болгон. Бирок биз азыр аталган маселени макулдаштык»,- деди Бекташев. Ал андан кийин журналистерге кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, коштогон адамдар менен жыйын залдан чыгып кетти.
Маалымат жыйынга бир тууган Кадыралиевдердин туугандары жана алардын жактоочусу катышты.
Жактоочу Байыш Жоробеков, Бекташев Башкы прокуратурага жазган өзүнүн мурдагы арызына каршы, бир туугандардын аракеттерин жокко чыгарган арыз жазгандыгын билдирди. Буга чейин анын мурдагы арызы менен бир тууган Кадыралиевдерге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон болчу.
«2014-жылдын 14-ноябрында Абдымитал Абдрашитович Бекташев, Башкы прокуратурага арыз жазган. Ушул күнү прокуратура арызды каттап, Улан менен Канжар Кадыралиевдерге карата кылмыш ишин козгогон. А.Бекташев мурда Өзгөн райондук РИИБге 4 ирээт кайрылгандыгын бирок, арыз Уланга гана катталгандыгын белгилеп коюу керек. Акыркы, 14-ноябрдагы арызда Канжардын аты да аталган. Баардык 4 арыз тең Өзгөн РИИБ тарабынан кылмыштын курамынын жоктугунан улам кайтарылган»,- деди жактоочу Жоробеков.
Анын белгилешинче, эми Бекташев, бир тууган Кадыралиевдердин аракеттерин жокко чыгарган арыз жазды. Бекташев 18-ноябрдагы катында: «Мен 11-ноябрда Улан менен Канжарга карата арыз жазганда, түшүнбөстүк жана билбестик кылып мени адашууга алып баргандардын таасиринде болууга жол бергем. Улан менен Канжар мени сабашкан эмес. Ошондуктан мен аталган ишти сот өндүрүшүнөн кайтарып берүүнү суранам»,- деп жазат.
Жактоочу Байыш Жоробеков (солдо четте) жана К.Кадыралиевдин энеси

Комментарий кошуу