участники Ушул жылдын 17-ноябрында КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен конкурстук негизде үч бош кызмат орунга кызматкерлер кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, Смаилов Уланбек Асылбекович КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна  дайындалды. Мамбетжумаев Замирбек Мамбетжумаевич КР ТжКМнин автомобиль жолдору башкармалыгынын  жол тармагындагы маалыматтык-аналитикалык иштери бөлүмүнүн адиси кызматына, ошондой эле Бейшеев Канатбек Дүйшенбекович автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси – юристи кызмат ордуна дайындалды.

Жогоруда айтылган адистер Министрликтин аттестациялык конкурстук чечими жана адам ресурстарын өнүктүрүү жана иш кагаздарын жургүзүү башкармалыгынын жетекчиси А.Ибрагимовдун сунушу менен иш орундарга алынды.