Япония Бишкек шаарына жол кыймылындагы коопсуздук долбоору боюнча жабдууларды тапшырды
Япония тарабынан «Бишкек шаарындагы жол коопсуздугунун добоору боюнча» жабдууларды берүү иш-чарасы 19-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясында өттү.
Долбоор Япония Өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында ишке ашырылды. Бүгүнкү иш-чарага шаардын мэри Кубанычбек Кулматов жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коике катышты.
Элчи белгилегендей, аталган долбоордун алкагында шаарга 241 миң долларлык өлчөмдө жардам көрсөтүлдү.
Кошумчалай кетсек, аталган долбоор боюнча гранттык келишимге 2013-жылдын 16-сентябрында кол коюлган.
Булак : Баракелде




Комментарий кошуу