преступник1

Бишкектеги мектеп-гимназиялардын биринде иштеген мугалимдин үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдары тарабынан 1988-жылы туулган Ж.А. аттуу айымдын үйү тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна таандык китептер, баракчалар, дисктер табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын аталган уюмдун аялдар канатынын башчысы экени аныкталган.

Булак: super.kg