Кара-Буура районундагы мектепке эл аралык уюмдар бир катар жардам көрсөтүштү
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагындагы пилоттук мектептердин катарына кирген Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагындагы Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектепте ушул тапта билим алып жатышкан 700 окуучунун 300дөн ашыгы түшкү тамактанууга тартылмакчы. Аталган программанын талабына ылайык, айылдык аймактын бюджетинен бөлүнгөн каражатка мектептин ашканасы талапка ылайык деңгээлде оңдолду. Эми ашканага БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынан жалпы суммасы 11 миң долларлык жабдуулар жана эмеректердин келиши күтүлүүдө.
Өткөн жылы айылдык мектепке түрткү берүүчү гранттын эсебинен жылытуу системасы коюлса, быйыл 2 млн 955 миң сомго китепканасы, АРИС программасы аркылуу 1 млн сомго спорт залы толук оңдолду. Ал эми “Тынчтык корпусу” мектепке жаңы ажаткана салып берди.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ


Комментарий кошуу