Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков Жапониянын Императору Акихито менен жолугушту
Бүгүн, 18-ноябрда Жапониядагы иш сапарынын алгачкы күнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбековду Жапониянын Императору Улуу урматтуу Акихито кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жапониянын Императору Улуу урматтуу Акихито Жапонияга расмий иш сапары менен келген Төрага А.Жээнбековду жылуу кабылдады.
Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков Императорго Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жана жардам берүү маселелерине жеке өзү көңүл буруп жатканы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын айтты. «Кыргыз Республикасы үчүн Жапония менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз Жапониянын Кыргызстанды өнүктүрүүгө катышуусун жогору баалайбыз. Берилип жаткан жардамдар биздин өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган жана алар көп тармактуу болууда», – деп белгилөө менен, ал Жапониянын көрсөтүп жатканы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Жапониянын улуттук биримдигинин символу катары жапон калкынын биримдүүлүгүн бекемдөө жаатындагы Императордун ролун баса белгилеген Төрага А.Жээнбеков Император Акихито менен Императордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапар менен келип, Кыргызстан эли менен жакындан таанышуусу үчүн мүмкүнчүлүк табыла турганына ишеним артаарын билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков Жапония Парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча Жапонияга иш сапар менен барды.



Комментарий кошуу