сорос жорж 2014-жылдын 17-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АтамбаевАчык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Соросту кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Сорос-Кыргызстан» фондунун ишмердиги, анын ичинде фонддун маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык тармактарда реформаларды колдоого багытталган программаларын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Жорж Сорос  ошондой эле  уюшулган күндөн тартып  Ачык коом  институту колдоо көрсөткөн Борбордук Азиядагы Америка университетинин ишмердигин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Ачык коом  институтунун негиздөөчүсүнө  билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана экономика тармактарында Кыргызстандагы жарандык демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.