Депутат Н.Төрөбеков: “ Кыргызстанда терроризмге каршы мамлекеттик программа түзүү зарыл”
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей Кыргызстанда диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программа түзүү зарыл, деп эсептейт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурлан Төрөбеков.
Бул тууралуу депутат 17-ноябрдагы Ош шаарында диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселеси боюнча Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.
Н.Төрөбеков белгилегендей, мындай мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш түзүлүшү керек. “Балким, КР Мусулмандар дин башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш өлкөдөгү улуттук идеологиянын жоктугунан келип чыккан мындай көйгөйдү чече алат”,- дейт депутат.
Эл өкүлүнүн пикиринде, калктын калың катмарын тартуу менен гана диний экстремизм жана эл аралык терроризм көйгөйү чечилиши мүмкүн. Экстремизм менен күрөшүү үчүн бардык күч-аракеттердин бириктирилиши зарылдыгын айткан Кыргызстан муфтийи Максат Токтомушев жогоруда көтөрүлгөн пикирди колдоого алды.


Комментарий кошуу