Меккеде калтырылган үй-бүлө жаңы төрөлгөн уулу менен Кыргызстанга кайтып келет
Ажылык сапардан кийин жубайынын кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Меккеде калтырылган үй-бүлө жаңы төрөлгөн уулу менен Кыргызстанга кайтып келет
Ажылык сапарга барган кыргызстандык үй-бүлөнүн наристеси Сауд Арабиясынын Мекке шаарында жарык дүйнөгө келди.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Гүлнара Өмүрова тогуз айлык кош бойлуу абалда болгондугуна байланыштуу жолдошу Чыңгыз Иманбеков менен бирге ажылык сапардан кийин Сауд Арабиясында калтырылган.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргызстандык үй-бүлөнү наристе төрөлгүчө Мекке шаарында калтыруу жана алар жайгашкан мейманкананын жашоо убактысын узартуу маселеси толук сүйлөшүлгөн.
Ч.Иманбеков жана Г.Өмүрова жаңы төрөлгөн уулу менен эртең, 13-ноябрда Кыргызстанга кайтып келет.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу