Газдын баасы кайрадан кымбаттады

Ноябрь айынан тартып көгүлтүр оттун 1 кубометри үчүн мурдагы баага караганда 60 тыйынга кымбат, башкача айтканда 13 сом 53 тыйындан төлөй баштайбыз. Мындай чечимди «Газпром Кыргызстан» ишканасы кабыл алды. Аталган ишкана газ баасынын кымбаттоосунун себебин доллардын наркынын көтөрүлүшүнө байланыштырат.
Ал эми көгүлтүр оттун кымбаттагандыгына байланыштуу өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдары үчүн 68 тыйынга кымбаттап, газдын 1 кубометри үчүн 16 сом 29 тыйындан төлөшөт.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызгазды» орусиялык «Газпром» компаниясы сатып алганда Кыргызстанды жаратылыш газы менен толук камсыздап, баасы арзандайт деп убада берген. Бир ай мурун, тагыраагы 1-октябрдан тартып көгүлтүр оттун тарифи 20 пайызга арзандаганы белгилүү.
Динар Турдугулова

Комментарий кошуу