парламент1

Мындай пикирин депутат Нуркамил Мадалиев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында ортого салды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Жыйында депутат Беловодск кыргызча кадимкидей эле Ак-Суу экенине, Теплоключенко Жылуу-Суу экенине токтолду. Н.Мадалиев тиешелүү тилчи-окумуштууларды чогултуп, Жапониябы же Япониябы, Орусиябы же Россиябы деген сындуу аталыштарды бир түргө келтирүү зарылдыгын, бул кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым болоорун билдирди.