Салыкчылар борбордогу алты кинотеатрларда кирешелерди азайтууну аныкташты
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө, Бишкектеги текшерилген бардык алты кинотеатрларда салык салынуучу накта түшкөн акчанын азайтылышын аныкташты.
Текшерүүгө “Космопарк”, “Россия”, “ Ала-Тоо”, “Манас”, “Октябрь” жана “Бишкек-Парк” кинотеатрлары, ошондой эле экономикалык ишмердиктерин кинотеатрлардын ичинде жана жанында ишке ашырышкан ишкер субъекттери туш болушту.
Текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык, калкка кинофильмдерди көрсөтүү кызматынан түшкөн чыныгы кирешелерди жашыруудан, бюджеттин ар айлык болжолдонгон жоготууларынын өлчөмү сатык салыгынан эле 2 млн. сомдой каражатты түзүшү мүмкүн.
Мындан сырткары, рейддин учурунда айрым кинотеатрларда ККМди колдонбогон фактылары белгиленди жана кассадан ашык акчалар табылган, бул толук салык салуудан качуу тобокелдиги бар экендиги тууралуу ачыктайт.
Ошондой эле “Россия” кинотеатрынын экинчи кабатында экзотикалык жаныбарларды көрсөтүү ишке ашырылууда, бул учурда кирүү билеттери салык органдарында катталган эмес жана ККМди колдонбостон сатылып жатат. Райондук салык органдары тарабынан берилген патент жүргүзүп жаткан ишмердиктерине иш жүзүндө туура келбейт.
Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов салык органдарына жогоруда аталган ишкер субъекттеринин ишмердиктерине, анын ичинде алар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды колдонуулары боюнча контролду күчөтүүнү буйруду.
МСК басма сөз-кызматы


Комментарий кошуу