Улуттук Банк: Банктарда чет элдик валюта запасы жетиштүү
Учурда элди дүрбөлөңгө салып жаткан нерсе, бул доллардын курсунун жогорулап жатышы. Азыр бир доллар 57 сомдон ашып отурат. Албетте, мындай жогорулоо объективдүү себептерге байланыштуу болуп келген. Айрыкча быйыл доллар Кыргызстанга гана эмес Россия, Казакстан сыяктуу ири өлкөлөргө, ошондой эле Евросоюзга да күчүн көрсөтүүдө. Евросоюз долларга тең ата болобуз деп өздөрүнүн валютасы – еврону кабыл алышкан болчу. Евронун долларга карата курсу бир топ жылдар бою туруктуу болуп келгени менен акыркы убактарда күчүнөн аз да болсо тайды.
Ырас, 2014-жылдын башына чейин Кыргызстанда бир доллардын баасы 48-49 сомдук чекти узак убакытка чейин сактап келди. Бул инфляциянын аздыр-көптүр бир деңгээлде сакталып турушуна шарт түзгөн болчу. Бирок, быйылкы жылдын башынан тартып доллар оюн салып, өнөр көрсөтүүдө. Өткөн жылдын аягы, үстүбүздөгү жылдын башында бир доллардын курсу 52-53 сомго чейин кескин көтөрүлгөн. Доллардын кыргыз сомуна карата курсунун мындай кескин көтөрүлүшү, албетте инфляциянын жогорулашына жол ачат.
Ошондуктан, мындай кырдаалда долларды ооздуктоо үчүн Улуттук банк акча-кредит саясатына ылайык тийиштүү операцияларды жүргүзүүгө киришет. Жылдын башында ушул багытта жүргүзгөн иш-чаралар тууралуу Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Абдыбалытегин Сүйөркул жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-конференция өткөрүп, түшүндүрмө берген. Ошондогу көрүлгөн иш-чаралардын эң башкысы – интервенция болгон. Улуттук банк жылдын башында бир нече жолу белгилүү көлөмдөгү АКШ долларын сатууга чыгарган. Анын натыйжасында доллардын курсунун өсүшү жайлаган. Мына ошол пресс-конференцияда Абдыбалытегин Сүйөркул эмне себептен доллардын курсу жогорулап кеткендигин түшүндүргөн. Жылдын башында Россиянын рублинин долларга карата курсу да төмөндөгөн. Мунун таасири бизге тийбей койбойт болчу. Анткени, Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгы мурдатан тыгыз болуп келгендиктен, биз алардын көптөгөн товарларын долларга сатып алабыз. Экинчиден, 2014-жылдын 11-февралында Казакстандын Улуттук банкы бир күндүн ичинде казак теңгесин 19 пайызга же 1 АКШ доллары, болжол менен 155,56 теңгеден 185 теңгеге девальвация жүргүзгөн. Ага ылайык өзгөрүлүү коридору боюна 1 АКШ доллары 185 теңгени түзүү менен анын өйдө-төмөн өзгөрүү коридору 3 теңге деп каралган болчу. Мындай кадамга баруунун себебин, алар Казакстандын экономикасы дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктогу абалды эске албай коё албастыгы менен түшүндүрүшкөн. Бизге караганда экономикалык жактан кыйла кубаттуу Казакстан мамлекетинин улуттук валютасы – теңге ушундай кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуусу кыргыз сомуна өз таасирин тийгизбей койбойт эле. Ушул сыяктуу тышкы факторлордун айынан 2014-жылдын башында доллардын кыргыз сомуна карата курсу жогорулаган болчу.
Мына эми күздүн келээри менен доллар кайрадан долуланды. Мисалы, 2014-жылдын сентябрь айынын башынан бери АКШ долларынын сомго карата курсу 5,87 пайызга же 52 сом 95 тыйындан 57 сомдон ашып отурат. Мына ушундай кырдаалга байланыштуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш, экономика башкармалыгынын башчысы Сейитбек Урустемов, акча-кредит операциялар башкармалыгынын башчысы Раушан Сейиткасымовалар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө пресс-конференция өткөрүп, анда алар АКШ долларынын курсунун өзгөрүүсү тышкы факторлордун таасири менен болуп жаткандыгын, атап айтканда Кыргызстандын соода-сатыктар тармагында өнөктөш өлкөлөрдүн жана Европанын экономикалык абалынын солгундоосу, Россияга карата коюлган санкциялар, Украинадагы абал биздин улуттук валютабыздын курсунун төмөндөшүнө алып келүүдө деп түшүндүрүштү.
Күз айларында кыргыз сомунун гана эмес Россиянын улуттук валютасы – рублдин да долларга карата курсу төмөндөгөн. Мисалы, РФнын Борбордук банкынын билдирүүсүнө караганда 2014-жылдын 1-сентябрынан 23-октябрга чейин рублдин курсу 10,93 пайызга чейин солгундаган, б.а. 1 АКШ доллары 36,9316дан 40,9671 рублге чейин өскөн.
Жылдын башынан бери 23-октябрга чейин АКШ долларынын башка өлкөлөрдүн валюталарына карата өсүшү % менен
| Орус рубли – 25,44% |
| Казак теңгеси – 17,48% |
| Кыргыз сому – 13,98% |
| Евро – 7,50% |
| Япон йени – 2,10% |
| Англис фунту – 2,70% |
| Швейцар франкы – 5,56% |
| Австрия доллары – 1,51% |
| Түрк лири– 4,61% |
Таблицада көрүнүп тургандай АКШ долларынын бекемделиши бүткүл дүйнөлүк тенденцияга айланган.
Албетте, доллардын курсунун жогорулашынын кесир-кесепети жок эмес. Доллардын курсу жогорулады дегиче, өнөр жай жана азык-түлүк товарларынын баалары өсөт. Бул деген аз камсыз болгон, айлык маяна менен күн көргөн, сом менен соода кылган жарандардын капчыгына күч келтирет. Ошондуктан, Улуттук банк доллардын көкөлөп өсүп кетпеши үчүн жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык операцияларды жүргүзүп келүүдө. Болуп өткөн пресс-конференцияда Улуттук банктын адистери азыркы учурда коммерциялык банктарда калктын талабын канааттандырууга жетиштүү көлөмдөгү чет өлкө валютасынын бар экендигин билдиришти.
Абдимухтар Абилов


Комментарий кошуу