этаждан кулоо
Бүгүн таң эрте борбор калаанын Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 20 жаштагы кыз кулап кетти. Окуя болгон жерге куткаруучулар келишип, кызды ооруканага алып кетишкен. Учурда жабырлануучунун абалы оор жана олуттуу жаракат алганы айтылууда.
Куткаруучулардын айтымында, кыз спирт ичимдигин ичкен жана ал балкондон кулап кеткен экен.
Динар ТУРДУГУЛОВА