жашылдандыруу2 жашыдандыруу жашылдандыруу1

Оштогу  жашылдандыруу   жана   көрктөндүрүү   чарба  комбинаты  17-январдан  баштап, шаардын  көчөлөрүн  көрктөндүрүүгө  киришти.  Бүгүн     кыргыздын  от  жүрөк  акыны  Жолон  Мамытов атындагы  журналисттер  аллеясына Ош шаарынын  мэри Айтмамат  Кадырбаев баш болгон мэриянын  кызматкерлери, шаардагы  мекеме-ишканалардын  жетекчилери,  аксакал карыялар  жана  Ак-Тилек, Жапалак кичирайондорунун   тургундары  Ош-Ноокат  трассасынын   жээгине  250 түп  арча көчөтүн тигишти. Журналисттер  аллеясын  жашыл  аймакка  бөлөндүрүү  максатында  үч  жылдан  бери декоративдүү  дарактарды  тигүү салтка  айланды.  Өткөн  эки  жылда  жолдун  эки  тарабындагы  аллеянын  ичине эки  катар  арча көчөттөрү  эгилип, жыл өткөн  сайын    сеңселип, көйкөлүп  бой  көтөрө  баштады.  Чарба комбинаты жыл  башынан  бери шаардагы  Монуев,   Курманжан  датка,   Ленин,  Айтиев,   Абдыкадыров , Кара-Суу  жана  башка көчөлөргө 1200 түп арча көчөтүн отургузушту.  Быйылкы  сезондо  тагыраак  айтканда, мартка  чейин  5 миң түп  ийне  жалбырактуу: арча, карагай  ж.б. жазы  жалбырактуу: каштан, клен, ак  кайың,  ясень  өңдүү  декоративдүү дарактар  эгилет. Ошону менен бирге 65 миң гүлдөй  турган  жана гүлдөбөгөн  бадалдар  отургузулат. Ош шаарынын  мэри А. Кадырбаев быйылкы  жылы  шаардын  ар  бир  тургуну кеминде  төрт  түп  дарак  эксе, шаарыбыз  жапжашыл  чөлкөмгө  оронуп   калаарын,   калаабызды  жашылдандырууга   тургундарды   кайдыгер  карабоого, мындай   жөрөлгөгө коомчулуктун да  салымын  кошууга  чакырды.

Ризван  Исмаилова