Оторбаев1

 Биз, мамлекет жетекчилигинде тургандар жаштарга Кыргызстанда калуу үчүн шарттарды түзүшүбүз абдан маанилүү, деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев жаштарга кайрылып. Ж.Оторбаев  15-ноябрда Бишкек шаарында Jashtar Camp 2014 иш-чарасынын алкагында жаштар менен болгон бейфармалдуу жолугушуусу учурунда окуучулардын, студенттердин суроолоруна жооп берди.«Мен залга кирип жатып позитивдүү энергетиканы сездим. Саясатчы болуп мындай энергетиканы дайыма эле сезе бербейсиң. Мен позитивдүү энергетика, энтузиазм менен кубаттанып турушум үчүн сиздер менен көп жолугушум керек. Кыргызстандын келечеги сиздердин колуңуздарда. Сиздер, 10 жылдан кийин же мамлекеттик түзүмдөрдө же өзүңөрдүн иштер менен алек болосуздар. Биз, мамлекет жетекчилигинде тургандар силердин Кыргызстанда калышыңыздар үчүн шарттарды түзүшүбүз абдан маанилүү», – деди ал.

Жумушчу орундарын түзүү мамлекеттин негизги тапшырмаларынын бири экендигин белгилеген премьер-министр: «Бирок, биз дагы сыйкырчы эмеспиз. Биз саясат менен алектенебиз, экономиканы өнүктүргөнгө аракеттенебиз. Бирок, бизге идеялар керек. Сиздердин форум 5 жылдан берип жүргүзүлүп келет жана андагы идеялар бизге керек», – деп кошумчалады.

12