гомо
 Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети, депутаттар Курманбек Дыйканбаев («Республика»), Улукбек Кочкоров («Ата Журт»), Төрөбай Зулпукаров (КСДП) тарабынан демилгеленген «КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун карашты.

Депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, мыйзам долбоор коомдо «гомосексуалдык жашоо образына» тыюу салат.

Комитеттин мүчөлөрү мыйзамдын долбоорун экинчи окууда сунуштарды жана сындарды эске алуу менен жактырды.