ӨКМде 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрүлүүдө (фото)
2014-жылдын 14-февраль күнү КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда он-лайн режиминде министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында КРнын ӨКМдин коллегиясы өткөрүлдү. Коллегияга КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев, Министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк жана облустук башкармалыктардын башчылары катышты.
Коллегияда КРнын ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин жана Гидрометеорология боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы «Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын» максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын бекитүү жөнүндө» №650 Токтомун жүзөгө ашыруу жана анын пролонгациясы каралууда.
Министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаменти тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагында 2014-жылы мүмкүн болгон кооптуу жараяндар менен кубулуштардын активдешүүсүнүн мониторинги жана божомолдоо” аттуу китеби даярдалып, он биринчи жолку басманын 20 нускасы чыгарылып, тийиштүү жетекчилерге, министрликтер менен ведомтстволорго электрондук вариантта берилген. Ошондой эле облустар жана райондор боюнча божомолдоо материалдарынан 175 даанасы чыгарылып, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана шаарлардын мэрлерине кооптуу табигый жараяндар менен кубулуштардын мүмкүн болгон активдешүүсүнүн алдын алуу боюнча атайын иш чараларды аткаруу үчүн таркатылып, электрондук варианттагы божомолдук материалдар дисктерге жазылып, Түндүк регион боюнча 292 диск, Түштүк регион боюнча 210 диск, бардыгы болуп республика боюнча 502 диск таркатылган. Департаментин ишмердүүлүгүндө 2013-жылы 1701, ал эми 2014-жылы 1626 кооптуу табигый процесстер күтүлүүчү участкалар изилденди.
Жер титирөө – 2014-жылы республиканын аймагында эпицентрдин күчү 6 баллдан жогору болгон 1 жер титирөө катталган. 2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталып, анан кесепетинен бир топ турак-үйлөр жабыркаган.
Жер көчкү – 2014-жылдын 12 айында 4 жолу жер көчкү катталып, активдүүлүгү төмөн болгон. Жер көчкүдөн кооптуу 347 жерде изилдөө иштери жүргүзүлгөн, изилдөө иштери Жалал-Абад (180) жана Ош (147) облустарынын аймагында жүргүзүлгөн.
Селдер жана суу ташкындары: 2014-жылдын апрель-июнь айларында нөшөрлөп жааган жамгырлардын кесепетинен Чүй, Талас Ыссык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында сел агымдары катталып, ар кандай зыяндарга алып келген. Белгилей кетсек, 2014-жылы селдердин жана суу ташкындарынын активдешүүсү 2013-жылга салыштырмалуу аз катталган.
Кар көчкү: 2014-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул, Чаткал, Тогуз-Торо райондорунун, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун, Нарын облусунун Нарын районунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймактарында кар көчкүлөрдүн түшүшүнөн, унаа жолдору убактылуу жабылып калган учурлар катталган. Адам өлүмү жана чоң кыйроолор катталган эмес. Гидрологиялык камсыздоонун жыйынтыгында жыл аралыгында 387 божомолдоо чыгып, 90%га акталган. Март жана август айларында селге жана дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу 10 шашылыш билдирүү берилген, бул маалымат 100%га акталган.
Министрлик коррупцияга каршы туруу саясатын өзүнүн иш-милдеттеринин жана укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга карата коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралар планын жана программасын жүзөгө ашырды. Министрлик тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында:
– КРнын ӨКМнин 2014-жылдын 27-майында №428 буйругу менен коррупция менен күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жобосу министрликтин буйругу менен бекитилген жана комиссияга тиешелүү жетишерлик укуктар берилген;
– 2014-жылында КРнын ӨКМдин “mes.gov.kg” сайтында жарандардан электрондук формада каттарды кабыл алуу үчүн атайын Министрдин блогу ачылган. Блогго жарандардан 70 ар кандай суроолор келип түшкөн, анын ичинде коррупцияга каршы иштер боюнча суроолор коюлган. Ошондой эле, 2014-жылында КРнын ӨКМне Кыргыз Республикасынын жарандарынан кат жүзүндөгү 155 ар кандай кайрылуулар келип түштү. Электрондук жана кат түрүндө кайрылууларга жооптор өз убагында берилген.



Leave a Reply