Бишкекте жазуучу Жолдошбек Сулаймановдун «Запах грусти» («Кайгынын жыты») повести жарык көргөндүгүн 12-ноябрда «Кыргызстандын жаңы адабияты» сайтынын башкы редактору Олег Бондаренко маалымдады.

Анын маалыматына караганда, повесть КР Эл артисти Калемкаш Атамкуловага жана республиканын кыргыз театралдык искусствосунун 40 жылдыгына арналган.

Калемкаш Атамкулова У.Шекспирдин, Ф.Достоевскийдин, Н. Гогольдун, Ч.Айтматовдун, К.Жантөшевдин, Т.Абдумомуновдун жана башка авторлордун чыгармалары боюнча роль жараткан.

Китеп «Турар» басмаканасында басылды.

a534fc5fb7ef12af3ec7d06742c68dcb