Таза оппозициялык кыймыл: Ак үйдүн алдында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдоп, майрамдык маанайдагы иш-чара өтөт
Таза оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү ушул жылдын 22-23-декабрында Бишкек шаарында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдоп, майрамдык маанайдагы иш-чара өткөрөт.
Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов билдирди.
«Ак үйдүн алдына чыгып, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушун колдой тургандыгыбызды билдиребиз. Бул боюнча бийлик менен биздин көз караш бирдей болуп жатат. Биз Кыргызстандын биримдиктерге кошулушун колдойбуз жана жакшы жыйынтыктар болот деп ишенебиз», – деди Н.Нышанов.
Булак : Баракелде


Leave a Reply