хлеб
Кечээ, 15-декабрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору менен ага байланышкан «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – ЖК депутаттары Дамира Ниязалиева, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов.

Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75% дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80% улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат.

Экинчи окууда комитет мүчөлөрү жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы милдеттендирилип жатканы, бул чоң-чоң ун комбинаттарына тиешелүү экенин такташты. Ал эми айыл жергесиндеги кичи тегирмендер жогорку жана 1-сорттогу ундарды өндүрбөстүгү айтылып, аларга тиешеси жоктугу белгиленди. Ошону менен катар унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду социалдык мекемелерге берүү, сатып өткөрүүгө жол бергендерди администрациялык жоопкерчиликке тартуу жагы каралды.

Мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу менен, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.