Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын башкы директору, КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов: “Филармония өз вазыйпасын татыктуу аткарууда”
Өтүп бараткан жылда көптөгөн мамлекеттик мекемелердин, коомдук-саясий жана кыргыз элинин маданиятына өчпөс из калтырып кеткен залкарлардын мааракелери арбын болду. Мындай иш-чаралардын көпчүлүгү Улуттук филармонияда өтүп, аталган маданий ордонун чыгармачылык жамааты алардын ар бирин тейлеп беришти. Узап бараткан жылда Улуттук филармониянын аткарган иштери тууралуу филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов менен маектештик.
– Кыргызбай агай, жыл жаңырарына саналуу күн калды. Эски жылды кандай узатып жатасыздар?
– Элибизге тынчтык менен бейкуттукту тартуулап, эңсеген үмүт-кыялдарыбызды эселеп аткарып, эсенчилиги менен өтүп кетип бара жаткан 2014-жыл абдан жемиштүү болду. Ушул жылы уңгулуу улутубуздун көркөм өнөр маданиятынын очогу болгон Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы кыргыз, ошондой эле дүйнө элдеринин фольклордук, классикалык жана заманбап ыр-күүлөрүн калк арасына жайылтуу менен бирге эл аралык достукту чыңдоо, өнөр чөйрөсүндө чыгармачылык карым-катнашты түзүү багытында ыйык сахнада көптөгөн маданий иш-чараларды өткөрдүк.
Өтүп бара жаткан жыл жалпы түрк тилдүү элдер арасында ак таңдай акыныбыз “Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын белгилөө жылы” деп белгиленген. Кыргыз Улуттук филармониясы улуу акын Т.Сатылгановдун ысымын алып келе жаткандыктан, бул ири пландагы мааракелик иш-чарадан биз дагы сырт калган жокпуз. Өлкө боюнча алгачкылардан болуп, акындын мааракесинин урматына арнап, жалпы журтка “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония – таланттардын уясы! ” аттуу отчеттук гала-концерт тартууладык. Калк сүймөнчүлүгүнө татып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн жылуу орун тапкан бул ири программадагы концерт филармониянын жалпы чыгармачыл жамаатынын биримдиги, талыкпаган эмгекти талап кылган чыгармачылык изденүүнүн негизинде жаралды. Бүтүндөй жамааттын жогорку сапаттагы кесипчилик дарамети жана алдыга коюлган максатты ишке ашырууга болгон ыктыярдуу күч-аракети – жалпыбыздын ийгилигибиздин башаты. Алдыга койгон максатыбыз көрүүчү, угуучулардын талабына ылайык, сахналык өнөрдүн ар тараптуу ыкмаларына бай, коомго тарбиялык мааниси терең, улутубуздун көркөм өнөр маданиятынын тарыхын кеңири чагылдыра алган эпопеялык программаларды алып чыгуу болгондуктан, бул багытта да биргелешип иштештик.
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшүндө Улуттук филармониянын чыгармачылык жамааты тикесинен тик туруп, кызмат кылышканын билебиз…
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү Кыргызстан үчүн өтүп бараткан жылдагы эң маанилүү окуя катары эсте калды. Бул ири саамалыкта баштан-аяк филармониянын К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестри, Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Н.Тугелов атындагы Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли, Э.Турсуналиев атындагы “Эл ырчысы Эстебес”, А.Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик “Эл шайырлары” фольклордук топтору, филармониянын хору жана солисттери кыргыз элинин атак-даңкын дүйнөгө таанытышты.
Мындан тышкары, быйылкы жыл көптөгөн мамлекеттик мекеме, коомдук-саясий ишмерлердин мааракелерине бай жыл болду. Айтсак, И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын 75 жылдыгы, Улуттук китепкананын 80 жылдыгы, Кыргызстандын финансы-экономика системасынын түзүлгөндүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Прокуратурасынын 90 жылдыгы, ЮНЕСКОнун маданий мурастар баалуулугуна кирген “Манас” үчилтигинин бет ачары жана улутубузга эмгеги сиңген коомдук жана маданий ишмерлер: И.Айдарбековдун 130 жылдык, Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык, Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы, ак таңдай акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайды эскерүү зыйнаты, белгилүү мамлекеттик ишмер Кыргыз Эл Баатыры Т.Усубалиевдин 95 жылдыгы, КР Эл Баатыры, Эл артисти, кино режиссер Д.Садырбаевдин 75 жылдыгы, ж.б.у.с мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар Кыргыз Улуттук филармониясынын сахнасында өттү. Негизи, өлкөнүн экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүндө, эл аралык достукту, ынтымакты бекемдөө үчүн, саясий кырдаалдын бейкуттугун сактоо үчүн искусствонун кылган кызматы өтө чоң.
– Быйылкы жылы филармониянын артисттеринин чет өлкөлөргө кыргыз маданиятын таанытуусу кандай болду?
– Кыргыз элинин улуттук маданиятын, көрөңгөлүү көркөм өнөр дараметин даңазалаган “Камбаркан” фольклордук тобунун Түркия мамлекетинин Стамбул, Эскишехир шаарларына, Оман, Катар, Алжир мамлекеттерине болгон гастролдору улуттук атак-даңкыбызды жайылтуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө болду. Жакында эле “Камбаркан” фольклордук тобу менен “Ак марал” бий тобу Россиянын Тверь, Москва шаарларында болуп, КМШ өлкөлөрүнүн искусство чеберлеринин гала концертине ийгиликтүү катышып кайтышты. Эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык хорунун 40 жылдык мааракелик-отчеттук концерти болуп өтүп, искусствого эмгеги сиңген артисттерибиз мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту. Жыл ичиндеги жетишкен ийгиликтерибиз Өкмөт жана министрлик тарабынан жогору бааланып, филармониянын артисттери, тейлөөдөгү жана техникалык адистерибиз жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктарга татып келишет.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Leave a Reply