Бишкек-Ош унаа жолунда 300 автоунаадан турган тыгын пайда болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-январда саат 04:00 чамасында бороондун кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында автоунаалардын тыгыны пайда болгон.

Жолдорду эксплуатациялоочу №9 мекеме тарабынан 2 грейдер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, унаа жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле унаа жолдо коомдук тартипти көзөмөлгө алууга Жайыл райондук жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү тарабынан 3 милиция кызматкери тартылган. Азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында болжол менен 300 автоунаа турат.

Сүрөттөр архивден алынды

А 1

А 2

А 3

Булак: Turmush