Нарын шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Ала-Мышык тоосундагы тоо лыжа базасына кыш мезгилинде ар жуманын жекшемби күндөрү 400гө чукул эс алуучу келишет. Мындай маалыматты тоо лыжа базанын машыктыруучусу Кубанычбек Дүйшөмбиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын берген маалыматы боюнча тоо лыжа базасында жуманын шейшемби күнүнөн жума күнүнө чейин Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинин окуучулары машыгышат.

Ал эми ишемби күнү шаардагы мекемелер атайын түзүлгөн графиктин негизинде ар кандай мелдештерди өткөзүп турушат. Ал эми жекшемби күндөрү каалаган эс алуучу адамдар келишет.

Тоо лыжа базада жалпы 30 түгөй лыжа бар. Алар эс алуучуларга 1 саатка канат көтөргүч 120 сомго берилет, ал эми канат көтөргүч кызматын пайдаланса саатына 200 сомдон берилет. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар тарабынан эс алуучуларга чаналар да ижарага берилет.

Чананын бир сааттык ижара акысы 20 сомду түзөт.