парламент1

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан жыйынында Кыргызстандын курамы Орусия, Казакстан, Беларусь мамлекеттеринен турган Бажы бирлигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү алкагында 110 келишим түзүлөт, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке да кошулуу алкагында дагы 18 келишим түзүлөт. Бажы бирлигине кирүүгө даярдык көрүү жүрүмүндө баш-аягы 112 ченемдик укук актылары каралса, анын 32си мыйзам болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн улуттук мыйзамдарын Бажы бирлигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө тийиш. Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуусунун Жол картасында ченемдик-укук актыларын Бажы бирлигинин талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган аракеттер камтылган. Кыргызстан 32 мыйзам долбоорун иштеп чыгып, токсондон ашуун ченемдик-укук актыларын Бажы бирлигинин талаптарына ылайык келтириши керек. Алар Кыргызстан мүчөсү болуп саналган Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерине кайчы келбейт. Жогорку Кеңеш жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү жол-жоболорунун алкагында иштелип чыккан 10 мыйзам долбоорунан турган алгачкы топтому үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

          Мээрим БАКТЫБЕКОВА