горкенеш

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бүгүн,  24-февралда жаңы жылдагы биринчи сессиясына чогулмак. Бирок академик Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу сессия эртеңкиге жылдырылды.  Улуу инсан, академик Кайып Оторбаев менен коомчулуктун коштошуу зыйнаты ал өзү кезегинде көп жылдар  жетектеген Улуттук университеттин  имаратында болду.

Белгилей кетсек,  шаардык кеңештин сессиясынын  кароосуна 6 маселе коюлган. Шаар депутаттары   биринчи кезекте Муниципалдык менчик башкармалыгынын  отчетун жана бул мекеменин ишмердиги боюнча  шаардык парламенттин жумушчу комиссиясынын маалыматын угушуп, андан тышкары шаардык таштанды жайынын абалы, кызылча оорусу боюнча  жагдай, ички мигранттарды эсепке алуу системасын рефоормалоо жана башка маселелер  каралмакчы. Өзгөчө шаардын  түндүк жагындагы  таштанды жайы ага жакын жаңы конуштардын жашоочуларынын ден соолугу  жана  андагы санитардык-эпидемиологиялык абал  үчүн чоң көйгөй жаратып  жатканы маалым.  Бул маселе боюнча шаар депутаттары бир жыйынтыкка келиши абзел.

Бегим Турдалиева