pic1

Өлкөбүздүн өнөр жайынын өткөн тарыхына көз чаптыруу менен бүгүнкүсүнө да саресеп салсак, өзгөчө тагдырга ээ экенин байкайбыз. Анткени, Кыргызстандын өнөр жайы кайсы бир убактарда дүркүрөп өнүгүү доорун башынан кечирген. Өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин борборубуздагы союздук маанидеги “Ленин”, “Фрунзе”, “ЭВМ” сыяктуу заводдор, Ош шаарындагы Текстиль комбинаты, Жибек комбинаты, ХБК, Насос заводу, ошондой эле Токмок, Кара-Балта ж.б. шаарларындагы ири завод-фабрикалар үзгүлтүксүз иштөө менен жүз миўдеген адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылып турган. Чийки заттарды ташып жеткирүү же чыгарылган продукцияларды сатуу маселелери эч кандай кыйынчылык туудурчу эмес. Мунун баарын СССРдин пландуу экономикалык системасы жөнгө салып турчу. Ошол убактагы Кыргызстандын кубаттуу өнөр жайы Советтер Союзунун бирдиктүү эл чарбасы менен тыгыз байланышкан кубаттуу өнөр жай державасынын бир бөлүгү эле. Ошондуктан, СССРдин ыдырашы менен чийки сырьелорду, жабдууларды жеткирип берүү, чыгарылган продукцияларды ташып кетүү кыл буугандай токтогон. Натыйжада, республикабыздын өнөр жайы болуп көрбөгөндөй тереў кризиске дуушар болгон. Өнөр жайын мындай оор абалдан чыгаруу жаўыдан эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстандын өз жонуна жүктөлгөн.

Ошол убакта биздин республика экономикалык өнүгүүнүн рыноктук жолун тандап алган болчу. Кыргызстан объективдүү себептерге байланыштуу Эл аралык валюта фонду өңдүү дүйнөлүк каржылык уюмдар койгон бардык шарттарды аткарууга мажбур болгон. Эң башкысы өнөр жайды өнүктүрүүнүн социалисттик өндүрүш жолунан баш тартып, көбүнесе жеке менчикке таянган өнөр жай өндүрүшүн жаратуу милдети коюлган. Ошого байланыштуу өткөн кылымдын 90-жылдарында менчиктештирүү компаниясы жүргөн. Албетте, бир өндүрүштүк мамиледен экинчи өндүрүштүк мамилеге өтүү оңой процесс эмес. Кыйынчылыктарынын күчү бүгүн да кайта элек. Бул көйгөйлөргө себеп – сырьенун жетишсиздиги жана чыгарылган продукцияларды да сатып өткөрүүдө жаралган кыйынчылыктар.

Өнөр жай пайдубалы сакталып калган

Мындай жагдайга карабастан, Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин аздыр-көптүр оор өнөр жайын да, жеңил өнөр жайын да сактап келүүдө. Алсак, 2014-жылы республиканын өнөр жай субъектилери тарабынан 167,5 млрд. сомдук продукция чыгарылган. Муну менен болжолдонгон план 98,4 пайызга аткарылган. Өнөр жай өндүрүшүнүн темпинин төмөндөп кетиши “Кумтөр” кенинде алтын 1,3 тоннага аз өндүрүрүлүп калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Өткөн жылы өлкөнүн бир топ оор өнөр жай ишканалары продукция өндүрүү боюнча жүз пайыздык деңгээлге жетише алышкан эмес. Ошол эле убакта “Автомобиль кураштыруу заводу” ААК, “Кызыл-Кыя машзаводу” АК, “Комет” ЖЧК, “ Тансу” ЖЧК, “Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧК, “Айнур” АК, “Нур” ААК, “Кемин ЭТЗ” ААК ж.б. ишканалар чеке жылытарлык ийгиликтерди жаратып, кыргыз өнөр жайынын абалына оң таасирин тийгизген. Ал эми жакын арада Кара-Балта, Токмок шаарларындагы мунай иштетүүчү заводдор, Ысык-Ата районундагы кирпич заводу, Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводу ишке толук кирген учурда өнөр жай продукцияларын чыгаруу көлөмү алда канча көбөймөкчү.

Өткөн жылы текстиль өндүрүшүндө, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана ар кыл булгаары буюмдары өндүрүшүндө 5 521,9 млн. сомдук продукция чыгарылган. 2014-жылдын март айында “Кыргызтурмуштиричиликкомбинаты” ААК, “Жылдыз Анкара” ЖЧК, “Достук бут кийим компаниясы” ЖЧК өз иштерин баштаган. Өткөн жылы Нарын облусунун Кочкор районунда бут кийим чыгаруу боюнча “Ренесанс” биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы түзүлгөн. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 800-1500 жуп бут кийим чыгаруу болуп эсептелет. Чыгарылган продукция Россия Федерациясына экспорттолот. Бүгүнкү күндө ишканада 80 кызматкер эмгектенүүдө. Келечекте анда иштегендердин саны 1500гө жетмекчи.

Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын басымдуу бөлүгүн кийим тигүү тармагы түзөт. Тармакты өнүктүрүү максатында “Текстиль-кийим тигүү өндүрүшү” аттуу инвестициялык долбоор жүзөгө ашырылууда. Бул долбоордун курулушу үчүн Военно-Антоновка айыл кеңешинин 2014-жылдын 4-апрелиндеги №14 токтому менен 50 гектар жер аянтын бөлүп берүү жактырылган. Технополис аймагында 40 ишкана жайгаштырылып, анда иштегендердин саны 10 000ге жетмекчи. Ушул сыяктуу көңүл жылытаарлык саамалыктар өлкөбүздүн мейли оор өнөр жайында, мейли жеңил өнөр жайында болсун жаралууда. Ошондой болсо да өлкөбүздүн өнөр жайын өркүндөтүү күн тартибиндеги маселелерден.

ЕАЭС жаңы  мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

Евроазиялык экономикалык союзга Кыргыз Республикасынын кошулушу өнөр жай өндүрүшчүлөрү үчүн бажы көзөмөлдүгүсүз Евроазиялык экономикалык союздун 170 миллиондук рыногун ачып берет. Негизги чийки зат материалдарын берүүчүлөр Россия, Казакстан, Беларусь болуп эсептелет. Ошондуктан, Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушу өлкөгө чийки сырьелорду, материалдарды жана жабдууларды ташып келүүнү жеңилдетет. Бирдиктүү бажы аймагынын жалпы бажы тарифи жана товарларды чек арадан алып өтүүдөгү жалпы жол-жобо бирдиктүү бажы аймагына кирген өлкөлөрдүн ишканалары үчүн чыгарган продукцияларын керектөөчүлөргө жеткирүү убактысын азайтып, продукцияларынын өздүк наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү рыногу алда канча кеңейет.

Эгерде кийим тигүү тармагындагы бир жагдайга токтоло турган болсок, биздин кийим тигүү өндүрүшүнүн ишкерлери Кытайдан кездемелерди, фурнитураларды жөнөкөйлөтүлгөн системада алып турушкан. Ал эми ЕАЭСтин алкагында Кытайдын бул продукцияларына 10-11% өлчөмүндөгү бажы пошлинасы төлөнүшү керек. Мына ушул жагдайга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү ЕАЭСтен жеңилдик (преференция) суроону ойлогон. Бирок, Кыргыз Республикасынын текстиль жана кийим тигүү өндүрүшүнүн ишкерлери мындай жеңилдиктерден баш тартышкан. Себеби, алар өз продукцияларын мамлекеттик чек аралардан тоскоолдуксуз эркин өткөрүп турууну артык көрүшөт. Ошону менен бирге жеңил өнөр жай ишкерлери Россия жана Казакстан рынокторундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сапатка басым жасоонун жана товар жүгүртүүнүн эсебинен жетишүүнү көздөшүүдө. Мына ушундан көрүнүп тургандай, ЕАЭС кыргыз өнөр жайына зор мүмкүнчүлүк ачканы турат. Анын үстүнө ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда бир топ ыңгайлуу салык режими бар. Буга байланыштуу келечекте биздин өнөр жай өндүрүшүнө чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Анткени, “Кыргызстанда жасалган” деген марка менен чыккан продукциялар бажы пошлинасысыз жана көзөмөлүсүз ЕАЭСке мүчө өлкөлөргө экспорттолуп турмакчы. Албетте, ЕАЭСтин мүмкүнчүлүктөрүн мамлекетибиз да, өнөр жайчыларыбыз да билгичтик менен пайдаланган учурда гана өз жемишин берери белгилүү эмеспи.

Абдимухтар АБИЛОВ