през12

2014-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Интервьюда Мамлекет башчысы кыргыз-казакстандык мамилелерин өнүктүрүүгө жана экономика, энергетика жана маданият тармактарында кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча 2014-жылдын 6-7-ноябрында мамлекеттик сапар менен Казакстан  Республикасына барат. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын өткөрүү пландаштырылууда.

Мамлекеттик сапардын максаты кыргыз-казакстандык союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнєктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки өлкөнүн өз ара пайдалуу көп багыттуу кызматташуусун тереңдетүү болуп саналат.