Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстанга мамлекеттик сапар жасоо алдында казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди
2014-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Интервьюда Мамлекет башчысы кыргыз-казакстандык мамилелерин өнүктүрүүгө жана экономика, энергетика жана маданият тармактарында кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө байланыштуу суроолорго жооп берди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча 2014-жылдын 6-7-ноябрында мамлекеттик сапар менен Казакстан Республикасына барат. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын өткөрүү пландаштырылууда.
Мамлекеттик сапардын максаты кыргыз-казакстандык союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнєктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки өлкөнүн өз ара пайдалуу көп багыттуу кызматташуусун тереңдетүү болуп саналат.
Leave a Reply