Масимов1
2014-жылдын 7-ноябрында, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн  соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетика чөйрөлөрүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Премьер-министр Карим Масимов Президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн  Казакстан Республикасынын Өкмөтү аракеттерди жумшай тургандыгына ишендирди.